МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 8
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145-токтомунун негизинде иш алып баруусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын мамлекеттик башкармалыгынын айрым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып, депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын мамлекеттик башкармалыгынын айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т. Койчубаев |