Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 9
Миң-Булак айыл аймагына түнкү жарыктандырууну орнотуу жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи сессиясы, Миң-Булак айыл аймагынын борбордук Турус Нусубалиев көчөсүнө түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча айылдын тургундарынын 2017-жылдын 14-мартындагы жыйынынын протоколун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын борбордук Турус Нусубалиев көчөсүнө түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча айылдын тургундарынын 2017-жылдын 14-мартындагы жыйынынын протоколу эске алынсын.
2. ”Талас облусунун өнүктүрүү” фондусуна Миң-Булак айыл аймагынын борбордук Турус Нусубалиев көчөсүнө түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча жалпы суммасы 1 847 857сомдук долбоорду колдоп берүү жагы сунушталсын.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдап “Талас облусунун өнүктүрүү” фондусуна жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |