Загрузка документа…
ТӨРТ- ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 6
Зарташ айылынын көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылындагы 2016-жылдын 8-июнундагы жалпы элдик чогулуштун протоколунун негизинде депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зарташ айылындагы борбордук көчөгө улуу ата мекендик согуштун ардагери Тугоев Орунбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Зарташ айылындагы ортоңку көчөгө коомдук ишмер, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн мугалим Абдраимов Пайиздин ысымы ыйгарылсын.
3. Зарташ айылындагы мектеп көчөсүнө согуш ветераны Касымов Абдыкаардын ысымы ыйгарылсын.
4. Зарташ айылындагы паскы көчөгө согуш ветераны Мурзакулов Токсондун ысымы ыйгарылсын.
5. Зарташ айылындагы паскы ортоңку көчөгө улуу ата мекендик согуштун ветераны Байжигитов Анарбайдын ысымы ыйгарылсын.
6. Зарташ айылындагы паскы айланма көчөгө коомдук ишмер Мурзакулов Кара-Кулдун ысымы ыйгарылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук депутаттык статус этика билим, маданият жана координациялык кеңеш боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Жалалов |