Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-декабры № 30-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2013- 2017-жылдардагы стратегиялык өнүгүү долбоорунун негизинде Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектебинин айланасын тосмолоого 2016-жылгы жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы стратегиялык өнүгүү долбоорунун негизинде Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектебинин айланасын тосмолоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратуу боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4- пунктуна жана 31- беренесинин 2-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектебинин айланасын тосмолоо боюнча түзүлгөн 2774228 (эки миллион жети жүз жетимиш төрт миң эки жүз жыйырма сегиз) сомду түзгөн сметалык долбоордун 20%дык өздүк салымын төлөө үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 554846 (беш жүз элүү төрт миң сегиз жүз кырк алты) сом акча каражаты ажыратылып берилсин. Ажыратылып берилген акча каражатын төлөп берүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-кварталына белгиленсин.
2. Акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Салиевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |