Редакцияот 14.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы

 

2015-жылдын 14-декабры № 161

Мырза-Аке айылынын А.Калдаров көчөсүнө асфальт бетон басуу жөнүндө

Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап жана КРнын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып,Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл аймагынын А.Калдаров көчөсүн асфальт бетон басуу үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоордун 15%ы 399 215 (үч жүз токсон тогуз миң эки жүз он беш) миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

2. Керектелүүчү акча каражаты менен камсыздоо Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Аскаровко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Улан Курбанбаевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов