Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 2
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аппаратынын типтүү түзүмүн жана штат бирдигин өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзулгөн келишимге ылайык бир статист кызмат орду берилгендигине байланыштуу Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан бир статист кызмат орду берилгендиктен Ак-Сай айыл өкмөтүнө штаттык бирдиги төмөнкудөй бекитилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын негизинде кызматкерлерди конкурстук негизде кызматка алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы козомолдоо жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасы Б.Джолдошовко жуктолсун.
Төрага | Б. Джолдошов |