А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-январы № 1/1
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
А.Масалиев айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүк жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык,А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлуп, www.jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо А.Масалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловго жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |