Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 4/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жер фондуну аукциондо ижарага берүү жөнүндө
А.Масалиев айыл Кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистеринин мамлекеттик жер фондунун аянты боюнча ижарага берүү боюнча маалыматтын жана сунуштарын угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекттик жер фондунан жер аянты көп жылдык мөөнөткө 5-жылга аукцион негизинде ижарага жана 45 га жер аянты 5-жылдык мөөнөткө аукцион негизинде ижарага берилсин.
2. Бир лотко коюлуучу жер аянты 0,50-1,0 га болуп бекитилсин.
3. 1 га жер аянты үчүн баштапкы наркы 5000сом болуп бекитилсин.
4. Ар бир арымынын суммасы 20% болуп 1000 сом болуп бекитилсин.
5. Алдын ала төлөнүүчү сумма 20% болуп 1000 сом болуп бекитилсин.
6. Алдын ала төлөнүүчү сумма 1000 сом аукциондо уткан адмга ижара акысы кала берет,ижарага жер албай калган адамга алдын ала төлөнүүчү сумма кайтарылып берилсин.
7. Мамлекттик жер фондунун жерлерин аукцион негизинде ижарага берүүнү аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистерине жана жер боюнча комиссия мүчөлөрүнө милеттендирилсин.
Төрага | С. Абдурахманов |