Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 4/7
КР салык кодексинин 50-главасынын 3-пункту боюнча жер салыгын коэффициентин бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын ФЭБ башчысы А. Мадумаровдун билдирүүсүн угуп, талкуулап А. Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР салык кодексинин 50-главасынын 3-пункту боюнча үй алдындагы, бак-огород участкаларынын жер салыгынын зоналдык коэффициенти 1,2 коэффициенти ошол бойдон калсын.
2. Мыйзам чегинде жер салыктары боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Таштандыларды чыгаруу салыгы 50(элүү) сомго калтырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Абдурахманов |