Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 6/2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы үрөөнчүлүк чарбасынын жана фермердик чарбалардын ишмердүүлүгү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы үрөөнчүлүк чарбанын ишмердүүлүгү чарба түзүү жобосунун 14-главасынын 14,1-пунктунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 30.03.2017-жылгы № 1 протоколунун негизинде 70 га жерин 50 га сын чарба карыздары менен кошо кайтарылып алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аппаратына үрөөнчүлүк чарбасынын 50 га жерин кайтарып алуу үчүн мамлекеттин жогорку органдары менен байланышып чечүү жана алынган жерди тез арада аукцион аркылуу элге берүү милдети жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы фермердик чарбалардын жүргүзүп жаткан иши боюнча билдирүү көңүлгө алынсын, социалдык объектилерге берилип жаткан жардамдар улантылсын, төлөп жаткан ижара акылары өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Сессиянын чечиминин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |