Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-майы № 7/3
“Улар-Аква” ЖЧК сынын 2017-жылдын 6-майындагы № 10 кат менен Бант суусунун айланасынан жер ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу жөнүндө
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 1-августундагы V чакырылышынын XXVII сессиясынын № 27/9 токтомун, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августундагы № 60 токтомун жана “Улар -Аква” ЖЧК сынын 2017-жылдын 6-майындагы № 10 кайрылуусун негиз кылып, күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кара-Дөбө айылындагы мурдагы гараждан суу күйүүчү линияны орнотуп кичи заводту ишке киргизүү үчүн гараж имаратынан 1800 м.кв. аянтча “Улар -Аква” ЖЧК сына ижарага ажыратылып берилсин.
2. “Улар -Аква” ЖЧК сы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |