Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы № 8/4
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 2018-2019-2020-жылдардын божомолдуу планын аныктоо жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүнун 2018-2019-2020-жылдарга божомолдуу планын бекитүү жөнүндө а.Масалиев айыл өкмөтүнүн экономика жана Каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи А.Мадумаровдун отчётун угуп, А.Масалиев айыл өкмөтүнун 2018-2019-2020-жылдарга божомолдуу планын Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджеттери жөнундө мыйзамдурдын негизинде түзүлүп сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсун угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин бюджет жана экономикалыка боюнча туруктуу комиссиясына каралгандыгын эсепке алуу менен а.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл Өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше бөлүгүн 10151,7 миң сом.2019-жылга 10151,7 миң сом.2020-жылга 10210,0 миң сом болжол жактырылсын.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы тиркемелерге ылайык аныкталсын.
3. Финансы экономика жана каржы бөлүмүнун башчысы башкы эсепчи А.Мадумаровго бюджетке жыл ичинде каржы министирлиги акылуу тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизү жагы милдеттендирилсин.
4. А.Масалиев өкмөтүндөгү жерлерден алынуучу өлчөмдө 1,2 өлчөмү менен бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |