Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 5
Боз-Учук айылдык кеңешинин иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Боз-Учук айыл аймагынын 95 пайызы кыргыз улутундагы калк болгондуктан жана калган жашаган калк кыргыз тилин жакшы түшүнгөндүктөн жана айылдык Кеңештин регламентинин 31.9 беренесинин негизинде айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айылдык кенешинин иш-кагаздары мамлекеттик тил кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтом ММКга жарыялоо үчүн жиберилсин.
3. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомду аткарууга алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |