Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Боз-Учук айылдык кеңешинин 27 чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2017-жылдын 31-марты № 29
Малдын тарифин бекитүү жөнүндө
Боз-Учук айыл аймагындагы айылдарда (Ново-Вознесеновка, Ичке-Жергез, Боз-Учук) болуп өткөн элдик жыйындардын «малды жайытка чыгаруу жана малга коюлган тарифтерди бекитүү» жөнүндөгү чечимдерин карап жана талкуулап Боз-Учук айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айыл аймагында 2017-жылга малчыларга малды багуу тарифтери төмөндөгүдөй белгиленсин :
1. Бодо мал (субай,торпок,букачар)- 250 сом тузу ичинде.
2. Жылкы -_250 сом тузу ичинде.
3. Кой – 45 сом тузу ичинде.
4. Эчки -_45_ сом тузу ичинде.
5. Бада -_250_сом.(жыл боюу, жайы-кышы тарифтер өзгөрүлбөйт.)
6. Малдын тузун көзөмөлдөө жайыттар комитетине, ветеринария кызматкерлерине милдеттендирилсин.
2. Жайыт акысы ар бир баш малга төмөндөгүдөй белгиленсин :
1. Кой башына -12 сом,
2. Бодо малга жана жылкыга (уй, торпок) – 62 сом,
3. Жайыт акысы ар бир малчыдан алынсын.
3. Мал ээлери менен мал багуучулардын ортосундагы түзүлүүчү келишимдин долбоору бекитилсин. (долбоору тиркелет).
4. Боз-Учук айыл аймагынын малдын ээси , жайыттар комитети жана малчынын ортосундагы үч тараптуу келишимдерди түзүү жана көзөмөлдөө жагы айыл башчыларына (Деркимбаев С., Кулатаев Ж., Кангельдиев Б.) жайыт комитетине (Токтосун уулу А.) , айылдар боюнча түзүлгөн административдик комиссияга тапшырылсын.
5. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.
6. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7. Токтомду аткарууга алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |