Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Боз-Учук айылдык кеңешинин 27 чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2017-жылдын 31-марты № 30
Жазгы талаачылык жумуштарынын тарифтери жөнүндө
Боз-Учук айыл аймагындагы айылдарда (Ново-Вознесеновка, Боз-Учук) болуп өткөн элдик жыйындардын «жазгы айдап себүү иштеринин тарифтерин бекитүү» жөнүндөгү чечимдерин карап жана талкуулап Боз-Учук Айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айыл аймагында 2017-жылга жазгы айдап себүү иштеринин тарифтери төмөндөгүдөй белгиленсин (1 га жер үчүн).
· Айдоо -_1000 сом, 20 литр солярка;
· Мала -500 сом, 10 литр солярка
· Себүү - 500_ сом, 10 литр солярка
· Бороз кесүү -_200_ сом, _5_ литр солярка
· Дары чачуу -500 сом, _5_ литр солярка
· Сажалка -_1500 сом, 25_ литр солярка;
· Престөө - _12 сом -1 түк, 10литр солярка
· Косилка -_1000 сом, 10_ литр солярка
· Культиватор -_500 сом, _10_ литр солярка
· Капалка – -_4000 сом, _30 литр солярка
· Комбайн чабуу- -_1000 сом, 20_ литр солярка
· Огород 1 сот. – 20 сом соляркасы ичинде,
· Тырмоо—500 сом, 5 литр солярка
2. Айыл чарба жерлерин иштетүүдө механизаторлордун кызмат өтөө эрежеси бекитилсин.
3. Токтомду бузган механизаторлорго административдик чара колдонулсун.
4. Ушул токтом райондук ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин
5. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Токтомду аткарууга алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө айылдар боюнча түзүлгөн административдик комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |