Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Боз-Учук айылдык кеңешинин 27 чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2017-жылдын 31-марты № 31
Жазгы талаачылык жумуштарынын тарифтери жөнүндө
Боз-Учук айыл аймагындагы Ичке-Жергез айылында болуп өткөн элдик жыйында «жазгы айдап себүү иштеринин тарифтерин бекитүү» жөнүндөгү чечимин карап жана талкуулап Боз-Учук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боз-Учук айыл аймагынын Ичке-Жергез айылында 2017-жылга жазгы айдап себүү иштеринин тарифтери төмөндөгүдөй белгиленсин (1 га жер үчүн).
· Айдоо -1000 сом, 20 литр солярка;
· Мала -400 сом, 10 литр солярка
· Себүү - 500_ сом, 10 литр солярка
· Бороз кесүү -_100_ сом, _5_ литр солярка
· Дары чачуу -500 сом, _5_ литр солярка
· Сажалка -_1000 сом, 25_ литр солярка;
· Престөө - _12 сом -1 түк, 10литр солярка
· Косилка -_800 сом, 10_ литр солярка
· Культиватор -_500 сом, _10_ литр солярка
· Капалка – -_3500 сом, _30 литр солярка
· Комбайн чабуу- -_1000 сом, 20_ литр солярка
· Огород 1 сот. – 15 сом соляркасы ичинде,
· Тырмоо—500 сом, 5 литр солярка
2. Айыл чарба жерлерин иштетүүдө механизаторлордун кызмат өтөө эрежеси бекитилсин.
3. Токтомду бузган механизаторлорго административдик чара колдонулсун.
4. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин
5. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Токтомду аткарууга алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө айылдар боюнча түзүлгөн административдик комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |