Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Боз-Учук айылдык кеңешинин 27 чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2017-жылдын 31-марты № 33
Административдик айып пулдун өлчөмү жөнүндө
2016-жылдын 16-декабрында айылдык Кеңештин 26 сессиясында “Айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссия түзүү жөнүндө” маселе каралып,тийиштүү токтом кабыл алынган. Быйылкы жылы ал токтомго өзгөртүүлөр киргизилип , жаңы курам бекитилди. Анын негизинде административдик айып пулдун өлчөмүн бекитүү зарылчылыгы келип чыгып жатат. Бул маселе боюнча карап чыгып жана депутаттар арасындагы талкуудан кийин айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айыл аймагында төмөндөгүдөй айып пулдар белгиленсин жана өлчөмдөрү бекитилсин:
- Малды (Жылкы, уй, торпок,) бедеге, эгин талааларына, паркка киргизип жибергендер үчүн –1000(миң) сом, кой, эчкинин ар бир башына-100(жүз) сомдон;
- Жер айдоонун тарифин көтөргөндөр үчүн- 1000(миң) сом,
- Мал багуунун тарифин көтөргөндөр үчүн –5000(беш миң) сом,
- Малды мөөнөтүнөн мурда жайлоодон түшүргөндөр үчүн- 10000(он миң) сом;
- Суунун люгуна түшүп өз алдынча задвижкаларды бурагандар үчүн –2000(эки миң) сом;
- Суу түтүгүн үйүнө киргизип жаткан учурда борбордук суу трассаларына зыян келтирип талкалагандар үчүн –2000(эки миң) сом жана калыбына келтирүү;
- Короосунда жана үйүнүн ичинде суу түтүгү барлар суу түтүктөрүнө кранник салбай агызып , огород сугаргандарга – 2000(эки миң) сом, экинчисинде кранниги жабылсын;
- Көчөдөгү суу алуучу түтүктөргө мал сугарып, кир жууп, машина жуугандарга жана колонканын тегерегин таза кармабай , кранниктерди бузуп жаткандарга – 1000(миң ) сом жана калыбына келтирүү;
- Уруксаты жок суу түтүктөрүн киргизгендерге –5000(беш миң) сом;
- Пайдаланган суу үчүн убагында төлөм акысын төлөбөгөндөргө – 0,02% туум өндүрүү;
- Кызыл линияга чыгып алгандарга –Калыбына келтирүү жана тийиштүү органдарга кайрылуу;
- Үлүш жеринин аянтын себепсиз кенейтип алгандар үчүн –жери алынсын;
- Таштандыларды белгиленген жерге төкпөй жолдун жээгине жана башка ушул сыяктуу жерлерге төккөндөр үчүн -2000(эки миң) сом жана тазаласын;
- Муниципалдык менчикте турган мекеме-обьектилерди уруксатсыз бузгандар үчүн- 5000(беш миң) сом жана калыбына келтирилсин;
- Ашык малды алып калгандар үчүн -10000(он миң) сом жана көчүртүү.
- 18 жашка чейинки балдарга тамеки, арак , насывай саткандарга – 1000(миң) сом жана экинчи ирет кармалса магазинин жаптыруу.
- Коомдук жайларды булгагандар үчүн (тамеки тартуу, мусор таштоо, насывай чегүү) – 1000(миң) сом.
2. Айып пулдар айыл өкмөтүнүн атайын эсебине төгүлсүн, малдан алынуучу айып пулдар Жайыттар комитетинин эсебине төгүлүп 70 % жабыр тарткан адамга, 30% атайын эсепте калтырылсын.
3. Ушул токтом ММКларга» жарыялоо үчүн жиберилсин.
4. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтомду аткарууга алуу административдик комиссияга жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |