БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Боз-Учук айылдык кеңешинин 27 чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2017-жылдын 31-марты № 34
Айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 18-майындагы №01-24/75 буйругу менен «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү» типтүү Жобосу боюнча ар бир айыл өкмөтүнүн алдында администрациялык комиссия түзүү милдети коюлгандыгын жана бул комиссия түзүлүп 2016-жылдан бери иш алып барып жатат. Бирок кээ бир комиссия мүчөлөрүнүн өзгөргөндүгүн эске алып , комиссияга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо үчүн айыл өкмөтүнүн алдында администрациялыкукук бузуулар боюнча комиссиясына өзгөртүүлөр киргизилип , төмөндөгүдөй төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1. Токтосун уулу А. – айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыттар комитетинин төрагасы,- администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы.
2. Г.Шаменова – айыл өкмөтүнүн салыктар инспектору- комиссиянын катчысы,
Кангельдиев Б.- Ичке-Жергез айылынын айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү,
Деркимбаев С.- Боз-Учук айылынын айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү,
Кулатаев Ж.- Ново-Вознесеновка айылынын айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү,
Турсунбаев Т.- айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен),
Омуралиев А.- айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен),
Садабаев Р.- айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен),
Абдыбеков К. .- айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен),
Шадыбаев С.- айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен),
Кудабаев М. .- айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен),
Жайнаков А.- айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен),
Кубанычбек уулу Малик- тилкелик нускоочу
2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, мамлекеттик каттоо Реестрине катталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тыналиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |