Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
2017-жылдын 6-февралы № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын депутаттарынын төрагасын шайлоо жөнүндөгү 10-январь 2017-жылдагы 1-кезектүү сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Б.Мусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап 1-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 2017-жылдын 10-январындагы №1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Экинчи тур өткөрүүдөгү депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон Жаныбек Иманкулов айылдык Кеңештин 17-чакырылышынын депутаттарынын төрагалыгына шайлангандыгы белгиленсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
Төраганын орун басары | К. Барыктабасов |