Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
2017-жылдын 6-февралы № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жолбун иттерди атууну уюштуруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж. Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 1-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жолбун иттерди атуу иштери жүргүзүлсүн.
2. Жолбун иттерди жок кылуу иштерин жүргүзүүдө вет адис Т.Абышовго бардык уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
3. Керектелүүчү чыгымдарды кароо жагы ЖПБнин төрагасы А.Шаршеналы уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Иманкулов |