Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-январы № 2
Айыл Кеӊешинин төрагасынын орун басарын жана туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII - чакырылышынын кезектеги I – сессиясынын күн тартибине коюлган биринчи маселеси боюнча Айыл Кеӊешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп, карап чыгып,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Кеӊешинин төрагасынын орун басары болуп көпчүлүк депутаттардын добушун алган Э.Ш.Исмаилов бекитилсин.
2. Финансы, бюджет, инвестиция тартуу, укук,тартип жана этика комиссиясынын төрагасына Т.Б.Исмаилов, мүчөлөрү болуп Э.А.Садыкеева, Б.Т.Өмүрмолдоев бекитилсин.
3. Айыл чарбасы,өзгөчө кырдаалдар жана көрктөндүрүү комиссиясынын төрагалыгына Р.С.Өмүрканов, мүчөлөрү болуп М.Т.Амурова, К.А.Чукулаев бекитилсин.
4. Социалдык,жаштар жана дин иштери боюнча комиссиянын төрагасына У.Т.Шамбетов. Мүчөлөрү болуп Ж.К.Айтбаев, Т.Ж.Рыскелдиев бекитилсинн.
5. Токтом райондук ММКна жарыялансын,Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.М. Масиев |