Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 5
Абдрахманов айыл аймагынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
КРнын «ЖӨБ» жөнүндө мыйзамынын 31 –беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, айыл Кеӊешинин XXVII - чакырылышынын кезектеги II- сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча ФЭБ башчысы К.А Исабаевдин билдирүүсүн угуп, карап чыгып,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдрахманов айыл аймагынын 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 4332,0 (төрт миллион жети жүз отуз эки миӊ) сом мунун ичинен теӊдештирүүчү грант 2770,9 (эки миллион жети жүз жетимиш миӊ тогуз жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген жергиликтүү бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин көлөмүнүн долбоору кирешелер жана чыгашалар боюнча 4460,1 миӊ сомго бекитилсин, мунун ичинен теӊдөөчү гранты -2857,0 миӊ сом 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин көлөмүнүн долбоору кирешелер жана чыгашалар боюнча 4578,6 миӊ сомго бекитилсин, мунун ичинен теӊдөөчү гранты -2925,5 миӊ сом.
4. Токтомдун аткарылышы Абдрахманов айыл аймагынын башчысы Апсатаров Уланбекке жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Исабаев Кубанычбекке милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтом райондук ММКна жарыялансын.Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.М. Масиев |