Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 6
2017-жылга карата Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине электроэнергия боюнча каралган лимит жана акча каражаты жөнүндө
Абдрахманов айыл Кеӊешинин XXVII – чакырылышынын кезектеги II – сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча ФЭБ башчысы К.А Исабаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап жана айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аппарат деӊгээлинде каралган лимит 16,3 миӊ кВт, бир жылдык акча каражаты 40,9 миӊ сом түзөт.
2. Мектептердин деӊгээлинде каралган лимит 39,9 миӊ кВт, бир жылдык акча каражаты 104.0 миӊ сом түзөт.
3. Жаркынбаев айылынын мечитине каралган лимит 5.6 миӊ кВт, бир жылдык акча каражаты 14,0 миӊ сом түзөт.
4. Кароол-Дөбө китепканасына каралган лимит 2,2 миӊ кВт, бир жылдык акча каражаты 164,4 миӊ сом түзөт.
5. Токтомдо белгиленген лимиттин ченемдерин сактоо жагы ФЭБ башчысы К.А Исабаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтом райондук ММКна жарыялансын.Ысык-көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.М. Масиев |