Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 7
2017-2019-жылдарга өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясынын күн тартибине коюлган маселе боюнча ФЭБ башчысы К.А Исабаевдин билдирүүсүн угуп, карап чыгып, талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу, стабилдүүлүккө жетишүү, айыл аймагынын калкынын жашоосун жакшыртуу, ошондой эле КРнын 2016-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясын, жана өнүгүү программасынын иш чаралар планын аткаруу максатында:
1. Айыл аймагынын 2016-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүү Стратегиялык планы бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери өнүктүрүү Стратегиясына киргизилген максаттарды жана долбоорлорду өз убагында аткарышсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.С Апсатаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына финансы, бюджет, инвестиция тартуу жана укук тартип комиссиясы көзөмөл кылсын.
5. Токтом ММК каражаттарына жарыялансын, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.М. Масиев |