Загрузка документа…
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 8
Жер үлүштөрүнүн салык ставкасы жана салык алуудагы жеӊилдиктер жөнүндө
Айыл Кеӊешинин XXVII – чакырылышынын кезектеги II- сессиясынын күн тартибине коюлган маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси Т.А Кокушеванын билдирүүсүн угуп, карап чыгып,талкуулап айтылган сунуштарды эске алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жашаган төмөнку категориядагы жарандар эгер алар үй чарба ээси болсо огород жана өз ара салыгынан толук бошотулсун:
-тылда эмгектенген ардагерлер;
-Афганистанда армияда кызмат кылгандар;
-көп балалуу үй бүлөөлөр;
-жардамга муктаж жалгыз бой майыптар;
-советтик армиянын майыптары.
2. Айыл аймагынын жогорку категорияга кирбеген ардагерлеринен,
майыптарынан огородунун 0,12 сотыйынан ашкан аянтынан салык алынсын эгер алар үй чарба ээси болсо.
3. Айыл аймагы боюнча салык ставкасы үлүш жер үчүн
- гектарына – 317 сом,
- огородуна сотыйына 10 сом.
- өз ара салык жылына 25 сомдон белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы кирешелер боюнча адиси Т.А Көкушевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына финансы,бюджет,инвестиция тартуу жана укук,тартип боюнча комиссиясы көзөмөл кылсын.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.Областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Т.М. Масиев |