Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 40/7-7
Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2016-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери боюнча отчету
Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы2016-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери боюнча муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун отчетун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык Кеңешинин кезектеги VII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт:
ММБнын жумушчулары тарабынан 2016-жылдын январь-март айларында шаар ичиндеги көчөлөрүндөгү карлар сүрүлүп, тепкичтери тазаланып, кум туздар себилген. Аялдамалардагы карлар тазаланып, таштандылар жана коомдук жерлер тазаланып, шаар ичинде жолбун иттер атылган. Андан сырткары жол жээгинде бак-дарактар акталып 600кг аки таш сарпталган.Таштандыларды тазалоо үчүн 1062 литр дизелдик күйүүчү майы ошондой эле 186 литр бензин сапртаган.
Апрель-май айларында Жеңиш сквери ремонттолуп, аллеялер тазаланып, гүлдөр, дарактар отургузулуп, бак-дарактар акталып, сугат иштери жүргүзүлгөн.
Июнь-июль айларында ӨКМ менен биргеликте Сабиров көчөсүндө 300 метр селге каршы арык казуу иш чаралары жүргүзүлгөн. Ошондой эле “Комсомол” көлүндөгү секирүүчү мунара (вышка) ондоп түзөөдөн өткөн. Андан сырткары Кетмен-Төбө айыл аймагында селге каршы арык жана суу топтолуучу жайлар казылып, 3700 литр дизель күйүүчү майы жана 179 литр бензин сарпталган.
Август айында шаар ичиндеги көчөлөрдөгү таштандылар тазаланып, куураган бак-дарактар кыйылып, орулуп суу кетүүчү арыктар тазаланган. Ошондой эле “Комсомол” көлүнүн жээгиндеги айланпадагы пано, “Энергетик” стадионундагы чыгаберишиндеги пано, “Комсомол” көлүнүн жээги, Бекташ көчөсүндөгү панолор сырдалган. 7 аянтчадагы желекче (флак шток) жасалган. “Энергетик” стадионуна 16 прожектор коюлган дубалдар акталып, 61 отургуч жаңыртылган. 7-аянтчадагы аллеядагы отургучтар сырдалып, жарык берүүчү чырактары оңдолгон.
Сентябрь айынын биринчи күнүнөн шаар ичиндеги таштандыларды тазалоо менен башталган. Серый көчөсүндөгү №15, №17 үйлөрүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде, бош аянтча машина токтоочу жай катары жер даярдалып берилген. Андан сырткары Хуриевдин эстелигин жылдыруу иштери жүргүзүлгөн. Октябрь айында Серый эстелиги маданият үйүнүн алдындагы фонтандын жанына жылдырылып орнотулган. Ноябрь айында кыш мезгилиндеги иш-чаралдарына даярдануу үчүн 10 тонна туз алынган. Ошондой эле Бекташ көчөсүнө кире бериш жерине ММБгы өздүк күчү менен үч бурчтук белгиси орнотулуп, жарык менен камсыздалып айланасы короолонгон.
Декабрь айында кыш мезгили башталгандан бери ММБнын карамагына тургун ички жолдорго 6,5 тонна туз, 55 тонна инер материал себилген. Ч.Түлөбердиев атындагы №2 орто мектептин электр от казандарына жаңы 2 кыймылдаткыч орнотулган. Жаңы-жылдык балаты 30000 миң сомго сатып алынган.
Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, ижарага берүү жана аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын 16 отуруму өткөн.
Жер ижарасынан 1267,7 миң сом, имарат ижарасынан 230,2 миң сом жана жер сатуудан 301,3 миң сом жана жер салыгынан 318,3 миң сом болуп жалпысынан бюджетке 2117,6 миң сом акча түшүрүлгөн.
Кара-Көл шаарынын тургундарына кварталдык комитет тарабынан 2016-жылдын 12 ай ичинде 10228 даана 64763 сомдук аныктамалар берилген, анын ичинен 269 даана аныктамалар ЧАЭС, афганец, I, II, III тайпадагы майыптарга жана багар көрөрү жок жалгыз бойлорго бекер берилген.
Шаардык кеңештин токтому менен “Энергетик” паркындагы казылган дренажды таш менен толтуруу иштерине 1200,0 миң сом каралган. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын негизинде ШММБ менен “Эки Дос” ЖЧКсы ортосунда 947,0 миң сомго келишим түзүлгөн. Бирок 473,5 миң сомдук гана иш аткарылган.
Жогорудагыкөрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун 2016-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай,комуналдык чарба,муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |