Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 41/7-7
Кара-Көл шаарында жалпы ишембиликти өткөрүү, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү (лоток, каналдарды тазалоо, таштандыларды алып чыгуу), шаарды көрктөндүрүү,жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлык ишембиликтин жыйынтыгы жөнүндө
Кара-Көл шаарында жалпы ишембиликти өткөрүү, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү (лоток, каналдарды тазалоо, таштандыларды алып чыгуу), шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлык ишембиликтин жыйынтыгы жөнүндө Кара-Көл шаарынын I вице-мэринин маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектегиVII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кыргыз Республикасынын Өкмүтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Областын аймагында айлана чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндөгү 2017-жылдын 27-февралындагы №43-б буйругун аткаруу максатында 2017-жылдын 3-мартында №61-б буйругу чыгарылып, 3 айлык ишембиликти өткөрүү үчүн шаардык штабдын курамы, иш-чаралары, конкурстун жобосу менен бекитилген жана баардык мекеме-ишканаларга аткаруу үчүн таркатылган. Шаардын аймагы 14 аймакка бөлүнүп, тиешелүү мекеме-ишканаларга, жеке ишкерлерге, окуу жайларга бекитилген жана иштердин өз убагында аткарылуусун камсыз кылуу максатында ар бир аймакка коллегиянын мүчөлөрү, мэриянын жоопту кызматкерлери бөлүнүп, дайындалган.
Шаардын ар бир аймактарында жайгашкан мекемелер, менчик дүкөндөрдүн ээлери жана көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары өздөрүнө тиешелүү огороддорун жана үйлөрдүн айланаларын тазалашкан. Ал эми таштандылар иш-чарада бекитилген тиешелүү мекемелердин техникаларынын жардамы менен чыгарылган.
Санитардык-эпидемиологиялык мамлекеттик көзөмөлдөө борборунун имаратынын санитардык абалын жакшыртуу максатында санитардык бактериологиялык, гигиеналык лабороторияларга тазалоо иштери жүргүзүлгөн,80 м темир тосмолор сырдалган.
№30 жол тейлөо ишканасы 346-427 км-га чейин Бишкек-Ош автожолунда жана ишкананын аймагында тазалоо иштерин жүргүзгөн. Жалпы жол тосмолорун актоо-сырдоо, жол жээгиндеги суу арыкчаларды кесүү жана жаңылоо, жол жээгине түшкөн таштардан тазалоо иштери былтыркы жылга салыштырмалуу аз жүргүзүлгөн. Андан сырткары аялдамаларды сырдоо боюнча 30 даана аялдамага актап-сырдоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн эмес.
Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ак-Кыя-1 көчөсүндө арыктар казылып, тазаланган.
Ленин көчөсүндөгү аллеянын жерлери тебилип, 1000 миң ар түрдүү гүлдүн көчөттөрү эгилген. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 400,0 миң сомго 160 түп карагай алынып отургузулган.
Жалпы шаар боюнча 1626 түп бак-дарактардын, мөмө-жемиштердин көчөттөрү, 10431 түп ар түрдүү гүлдөр отургузулган жана ММБгы тарабынан акиташ сатып алынбаганына байланышттуу 1460 бак-дарактар гана акталган, былтыркы жылга салыштырмалуу аз.
Шаардын аймагында айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу калктуу конуштарды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлык ишембиликке карата конкурс жарыяланып, конкурстун жобосу бекитилген жана конкурстун шартына, жобосуна ылайык номинациялар, грамоталар жана баалуу сыйлыктары менен сыйлоо боюнча жыйынтыктары чыккан. Ал эми конкурстун жеңичүүлөрүнө тиешелүү белектер 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө тапшырылат.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык Кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарында жалпы ишембиликти өткөрүү, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү (лоток, каналдарды тазалоо, таштандыларды алып чыгуу), шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлык ишембиликтин жыйынтыгы жөнүндө Кара-Көл шаарынын I вице-мэринин маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун маалыматы эске алынсын.
2. №30 жол тейлөө ишканасы 3 айлык ишембиликте бекитип берген иштерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленсин. Шаардын мэри (И.М.Еркеев) бул ишкананын жетекчисине тиешелүү чара көрүү жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |