ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2017-жылдын 25-июлу № 124
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 6 (алты) ай ичинде аткарылышы, инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча иштердин жүрүшү, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин шаар аймагында 6 ай ичинде аткарылган маалыматы боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 6 (алты) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошуп алганда) 20 359,0 миң сомго, жыл башында бекитилген план 107% аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Шаар аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган иштердин аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматы эске алынсын.
3. Төмөндөгү маселелерди аткаруу зарылчылыгы белгиленсин:
- Данканай кичи районундагы жана башка суу жетпей калган шаар аймактарына ичүүчү суу жеткирүү үчүн тиешелүү иштер аткарылсын (04.11.2017-жылдагы № 103 токтом);
- аймактын социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталуучу кошумча киреше булактарды табуу иштери улантылсын;
- шаар аймагында массалык спортту өнүктүрүү, калкты дени сак жашоого үндөө үчүн керектүү шарттарды түзүү боюнча сунуштар иштелип чыксын;
- бардык иш-милдеттерди аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери сактоого алынсын.
4. Жалпысынан бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына (Э.Джумабаев, Н.Молдоказиев, М.Ондошева, М.Исаков) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |