Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 126
6 айдын жыйынтыгы менен Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын 15.02.2017-жылдагы № 113 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу боюнча “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 6 (алты) айдын жыйынтыгы менен 2861,5 миң сом үнөмдөлгөндүгү жана республикалык бюджеттен түшкөн 3 000,0 миң сом акча каражаты боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. 2861,5 миң сом акча каражаты төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:
2211 статьясы боюнча:
Спорт мектеби сапар чыгымына -10,0 миң сом;
2214 статьясы боюнча:
Мэриянын кызматтык автоунаасын оңдоп-түзөөгө- 30,0 миң сом;
2215 статьясы боюнча:
1-С бухгалтердик программасына – 60,0 миң сом;
Почта кызматына (каттарды жөнөтүү) -5,0 миң сом
2221 статьясы боюнча:
Кыргызстан, Бекташов көчөлөрүнүн чуңкурчаларын жамоого- 528,8 мин сом;
Борбордук аянттагы фонтанды оңдоого- 100,0 мин сом;
Эмеректердин учурдагы оңдоп-түзөөсүнө-10,0 миң сом;
2222 статьясы боюнча:
Кызматтык велосипедге тетиктерди сатып алууга- 1,5 миң сом;
Бөкөнбаев атындагы орто мектептин чарбалык чыгымдарына -92,4 миң сом;
2721 статьясы боюнча:
Борбордук мечиттин кире беришин жабууга -10,0 миң сом;
Керезов көчөсүнүн тургуну Турсункуловага материалдык жардам-10,0 миң сом;
катуу тиричилик таштандыларын чыгарып кетүү үчүн тарифти төлөөдө калктын айрым категориядагы үй-бүлөлөрүнө жеңилдик берүүгө -37,0 миң сом (6 айга);
3111 статьясы боюнча:
Кичи футбол аянтчасын оңдоого - 340,0 миң сом;
Спорт мектебинин эркин күрөш залынын жылытуу системасын курууга – 231,6 миң сом;
Медеров- Сүйналиев көчөлөрүндө тротуар курууга (брусчатка менен куруу үчун кошумча каражат) – 421,5 мин сом;
Мадьяров көчөсүндөгү тротуарды куруудагы кошумча жумуштарга-265,0 миң сом;
А.Суеркулов көчөсүндөгү тротуарды жарыктандырууга - 433,0 миң сом;
статьясы боюнча:
“Суу канал” ишканасына эксковатор алууга ( кошумча каражат) – 100,0 миң сом;
Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ашканасына жабдуу алууга – 54,0 миң сом;
Дьюардын идишине” 2 жылдык төлөм – 35,7 миң сом;
Токтогул шаардык мэриясына эмерек сатып алууга- 56,0 миң сом;
Бокс залына спорт инвентарь (груша) сатып алууга – 30,0 миң сом;
Бардыгы: 2861,5 мин сом
3. Республикалык бюджеттен 13321300 элементи боюнча түшкөн 3 000,0 миң сом акча каражаты Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө алынсын, бул каражат төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:
3111 статясы боюнча:
“Байчечекей” балдар бакчасына – 1 550,0 миң сом;
3112 статьясы боюнча:
“Байчечекей” балдар бакчасына -450,0 миң сом;
“Арча-Бешик” балдар бакчасына– 320,0 миң сом;
“Достук” балдар бакчасына -320,0 миң сом;
“Наристе” балдар бакчасына – 250,0 миң сом;
“Күн Нуру” балдар бакчасына - 110,0 миң сом;
4. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы 2017-жылдын 1-июлунан баштап бухгалтердик эсебин өз алдынча жүргүзүп баштагандыгы эске алынып, катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга кеткен чыгымынын 40 % абоненттик төлөмдөрдөн чогултурган каражаттын эсебинен, 60 % жыл башында жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилип берилген субсидия каражатынын эсебинен жумшалсын.
5. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |