Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 129
“Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамынын ээси, маркум А.Керимбаевдин музейин ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин “2017-жылды - Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Исраиловдун 15.05.2017-жылдагы кайрылуусу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган
Жогорудагы туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамынын ээси, белгилүү обончу жана аткаруучу, маркум Асанкалый Керимбаевдин музейин ачуу боюнча Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Исраиловдун 15.05.2017-жылдагы кайрылуусу эске алынсын.
2. Туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн фойесинде Асанкалый Керимбаевдин музейин ачууга макулдук берилсин.
3. Музей буюмдарынын сакталышын камсыз кылуу, жаңы экспонаттар менен толуктап туруу жана музей көрүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү сунушталсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |