Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-ноябры № 2
Айыл Өкмөтүнүн тургундары айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу жана КБФ жерлеринин аренда акысын кароо жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси Б Мураталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХУ1-чакырылышынын 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы салыкчысы Б Мураталиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Айыл чарба жерлеринин жер салыктары салык КОДЕКСинде көрсөтүлгөн 453 сом боюнча өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. КБФ нын жерлеринин ижара акысы 2016-жылы бекитилген боюнча өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Мусурманкулов |