Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 7
Айылдык кеңештин Регламентин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрайымынын коодук башталыштагы орун басары Ж.Тойтиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги III-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин регламенти бекитилсин. ( регламент тиркелет)
2. Регламенттин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Тойтиева Жылдызга милдетендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |
| Тиркеме № 1 |
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕҢЕШИНИН ЖАНА ПОСЕЛКАЛЫК КЕҢЕШТИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
I БӨЛҮК. Жалпы жоболор
1-Глава
Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш
1.1. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарнын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл округунун кеңеши жана поселкалык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Айылдык аймагынын кеӊешинин жана поселкалык кеңештин компетенциясы
2.1 .Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү аларды иштеп чыгуу;
10) кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде мэрдин, шаардык башкаруунун, поселкалык башкаруунун жана айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
14) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу учүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
15) Алкоголдук ичимдиктерди жанан тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды --өткөрүүгө тыйюу салгана чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) Ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
2.2. Айылдык кенештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
- Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Ушул мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
- Тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинини баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
- Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
2.3.Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
2.4. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
II БӨЛҮК
3-Глава
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басары
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрөгасы
3.1. Жергиликтүү кенештердин төрагалары тиешелүү кенештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруу добуш менен жергиликтүү кеңешитин ыйгарым укуктарынын мөөнөтнө шайланат.
3.2. Айылдык кенештин төрагалары тиешелүү кенештин сессиясында жергиликтүү кенештин ыйгарым укуктарнынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
3.3. тиешелүү жергиликтүү кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кенештин регламентинде аныкталат;
3.4. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда жергиликтүү кенештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кенештин депутаттарынын 3/2 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
3.5.Айылдык кеңештердин төрагалары өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
3.6. Жергиликтүү кенештин төрагасы:
- Жергиликтүү кенештин сессиясын чакырат;
- Сессияларга төрагалык кылат;
- Жергиликтүү кенештин чечимдерине кол коёт;
- Жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.7. Жергиликтүү кенештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4-Глава
Жергиликтүү кеӊештин төрагасынын орун басары
4.1.Жергиликтүү кенештин төрөгасынын орун басары кенештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
4.2. Жергиликтүү кенештин төрөгасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан Жергиликтүү кенештин депутаттарынын 1/3нин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4.3. Жергиликтүү кенештин төрөгасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кенешинин төрөгасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
5-Глава
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы
5.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысынын милдетин айылдык аймагынын же поселкалык башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы:
- Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
- Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
- Айыл аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Айыл аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6-Глава
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңеште кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.
6.2. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III БӨЛҮК
7-глава
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин ишинин жалпы тартиби
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби
7.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
7.3. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
7.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.5. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
7.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.7. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүрүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрөгалык кылуучунун колу коюлат.
7.8. Керек болгон учурларда айылдык аймагынын кенешинин жана поселкалык кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
8-глава
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби
8.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык аймагынын кеңешине жана поселкалык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
8.3. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
8.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айыдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
9-глава
Жергиликтүү кенештердин ыйгарым укуктарыныны токтолушу
9.1. Жергиликтүү кенештердин ыйгарым укуктары жергиликтүү кенештин жаны курамы түзүлүшүнө, кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Жергиликтүү кенештер мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелүү жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 2/3 кем эмес көпчүлүгү тарабынын кабыл аланган чечим боюнча;
- ушул мыйзамда каралаган негиздер боюнча Президент тарабынын;
- Тиешелүү шаардын же айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
9.3. Өзүн – өзү таркатуу жөнүнүндө жергиликтүү кенештин чечими кенештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу учун Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кенешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кенешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
9.5. Жергиликтүү кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлагы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
9.6. Жергиликтүү кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти – аткаруу органынын тиешелүү башчылары, ал эми райондук кенеште райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы өз мойнуна алат.
IV БӨЛҮК. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин Регламенти
10-глава
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
10.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш Регламентин,, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
10.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.