Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 3
Сары-Колот айыл аймагынын Присавай айылына ФАП куруу кичи долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Сары-Колот айыл аймагынын Присавай айылына ФАП куруу кичи долбоорун ишке ашыруу максатында депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасынын АИД- 3 долбоорунун алкагында Сары-Колот айыл аймагынын Присавай айылына ФАП куруу кичи долбоорун кошумча каржылоого айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 743 343 (жети жүз кырк үч миң үч жүз кырк үч) сом бөлүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга жана аны аткаруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сатыбаев |