Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 1
Кыргыз Респуликасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 2015 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Колот айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын VI сессиясынын отуруму Кыргыз Респуликасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 2015 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Орозбаеванын жазган билдирүүсүн карап талкуулап , бул маселе боюнча депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңешинин социалдык-экономика, инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген корутундусун эске алып, депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айылдык аймагынын 2015-жылдагы бюджети киреше бөлүгү боюнча– 14851,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү- 13667,9 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Айыл аймагынын 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү контингенттерге жана нормативдерге ылайык 8747,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Сары-Колот айыл аймагынын 2016-жылга түзүлгөн чыгымдар сметасы бардык статьялар боюнча 8747,0 миң сомго бекитилсин. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга долбоорунун киреше бөлүгү- 8827,2 миң сом, чыгаша бөлүгү- 8827,2 миң сом. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга долбоорунун киреше бөлүгү- 9003,6 миң сом, чыгаша бөлүгү- 9003,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2016-жыл ичинде Сары-Колот айыл аймагынын бюджети боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Аппарат кызматкерлеринин жалпы штаттык бирдиги– 22. Анын ичинен айыл башчылары – 5 штаттык бирдик эмгек акы фондусу менен, техникалык тейлөө кызматкерлеринин саны – 2 штаттык бирдик эсебинде бекитилсин.
6. Сары-Колот айыл аймагынын 2016-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке бардык статьялардагы суммаларды айыл аймагындагы муктаждыктарына карата өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.
7. Сары-Колот айыл аймагынын 2015-жылдагы кирешелерден калган калдык 1186,4 миң сом акча каражатын 2016-жылы бардык статьялар боюнча бөлүштүрүп иштетүүгө уруксат берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сатыбаев |