Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 13/1
Чаувай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2014- жылдагы аткарылышы жана 2015-жылга социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн планын бекитүү жөнүндө
Чаувай айыл аймагынын 2014-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жүргүзүлгөн иштер жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылда Чаувай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын камсыз кылууда айыл аймагынын жүргүзгөн уюштуруучулук жана аткаруучулук иштери белгиленсин.
2. Айылда өзгөчө коркунучтуу ооруулардын (кутурма,сибир жарасы ж.б.) алдын алуу жана болтурбоо багытында профилактикалык иштерди жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү жагы вет.адиске жүктөлсүн.
3. Айыл аймагынын социалдык тармагына пособие,пенсия алуучуларга тиешелүү документтер менен өз убагында камсыз кылуу жана жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу,чет өлкөдө иштеп жаткан атуулдардын эсебин тактоо,аларды чет өлкөлөрдө жумушка жайгаштыруу багытында иштерди активдештирүү жүктөлсүн.
4. Чаувай айыл аймагынын финансы тармагына бюджеттин кирешелер бөлүгүн толтурууда салык топтоо,кредитордук карыздарды кыскартуу боюнча иштиктүү иш алып баруу тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Чаувай айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Хаджимуратов |