Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 13/3
Чаувай айыл аймагынын2012-2014- жылдарга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасынын 2014-жылдагы иш-чараларынын аткарылышынын жыйынтыктары жана 2012-2014-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасына толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чаувай айыл аймагынын 2012-2014-жылдарга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программанын 2014-жылдын ичинде аткарылышы төмөнкүдөй.
Айыл чарбасы боюнча:
Поселок боюнча бардык жерлер- 42 гектар.
Анын ичинен айдоо жер - 4 гектар
Сугат жер - 42
Бак дарактар- 38 гектар.
2014-жылдын ичинде төмөнкүдөй түшүм алынды:
Картошка 2 гектар жерге эгилип,309 центнер,жашылча 2 гектар жерге эгилип,298 центнер,мөмө-жемиш 300 центнерге түшүм алынган.
Мал чарбасы боюнча:
Эт- план боюнча 95 тонна болсо, аткарылганы 98 тонна 126 %,
Сүт– план боюнча 235тонна болсо, аткарылганы 235 тонна 120%,
Жумуртка-план боюнча 103,0миң даана болсо,аткарылганы103 ,0миң даана 118%,
Жүн– план боюнча 2650 кг болсо,аткарылганы– 28440кг. 107% ке аткарылды.
2014-жылдын март,апрел,май айларында айылды көрктөндүрүү жашылдандыруу жана санитардык тазалоонун үч айлыгы жарыяланып, үч айдын ичинде айылды көрктөндүрүү боюнча 5350 түп терек жана 4135 түп ар түрдүү мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду. Ошону менен бирге эле 515 түп ар түрдүү көп жылдык жана бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду. Санитардык тазалоо боюнча үч айдын ичинде 12 жолу ишембиликтер өткөрүлүп, айылдын ичи тазаланды.
8-Март Аялдардын майрамында айылдагы баатыр энелерди, иштеп жүрүп пенсияга чыккан аялдарды, лидер,ишкер аялдарды чакырып, концерттик программа жана ыссык тамак тартууланды.
Айылдык аймагынын азыркы 2кабаттуу иштебей турган имаратынын ичин ремонттоо иштери жүргүзүлдү, ошону менен бирге эле айланасын цемент бетон менен тосуп, алдындагы жерлерин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага баары болуп 300 мин сомдук жумуш аткарылды.
Мурдакы иштебей турган балдар бакчасынын имаратынын ичин жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, балдар бакчасын ачылып ,кайрадан ишке киргизүү үчүн ЮНИСЕФ эл аралык уюмуна проект жазылып ,өткөрүлүп, бүгүнкү күндө балдар бакчасына керектүү инвентарлар менен каржыланды. Калган бүтпөй турган кемчилдиктерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүтүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Балдар бакчасы 3 топтон туруп, 2013-жылдын сентябрь айынан ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө 120 бала балдар бакчасында тарбияланууда. Жана 15 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жарандары жумуш менен камсыз болушту. Чаувай айыл аймагында «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүүдө төмөнкүдөй иштер аткарылды. Иш чаралардын планы иштелип чыгылып, СПЛМ проектиси менен 100 000 сомдук ,ал эми ООНдон 260 000 сомдук сел кеткен сай жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүлдү. Ас-Салам фондунан 110 000 сомдук аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардамдар берилди. ГИЗ проеги менен 590,0 сомдук стройматериалдар алынып, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, элдин салымы баары болуп 1,5 млн сомдук сай жээктерин бекемдөө иштери аткарылды.Ошондой эле айылда «Чаувай Кең « кичи ишканасы 2,5 млн. долларлык минифабрика курулуп бүтүү аракетинде.
«Мээрим» балдар бакчасынын ашканасын жана имаратынын алдына кошумча навес курулуп, 137,8 мин сомдук жумуш аткарылды.
2014-жылда элди жумуш менен камсыз кылуу эн башкы маселе болгондуктан Чаувай айылынан чыккан беделдүү атуулдар биргелешип , «Чаувай- Кең» жоопкерчилиги чектелген ишканасын ачышып, анда бүгүнкү күндө башталышында 15 адам жумуш менен камсыз болду. Бүгүнкү күндө Комиссиядан дагы өтүп, кудай буйруса үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан маасалык түрдө 85 киши иш менен камсыз болуп, иштер башталат. Ошону менен бирге эле ПРООН дун Германия проегине элдин салымына 300метр аралыктагы сайдын ичин тазалоо ишин , ошондой эле Чаувай айылындагы негизги жолдун башынан аягына чейин ремонттоо ишин да ушул ишкана бүткөрүп берүүнү өз мойнуна алды.
2014-жылдын январь айында 105 жакыр аз камсыз болгон үй-бүлөгө 75 кгдан ун, 6 литрден өсүмдүк майы ООНдун АКТЕДэл аралык уюмунан берилди.
«Алтын Кум» тигүү цехинде 5 адам жумуш менен камсыз болуп, иш бүгүнкү күндө жакшы жүрүүдө.
Чаувай айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап чыгып,жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл аймагынын 2012--2014- жылдарга кабыл алынган өнүгүү Программасынын 2014-жылдагы аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер эске алынсын.
2. Айыл аймагынын 2012-2014- жылдарга өнүгүү Программасындагы иш-чараларды аткарууда инвесторлор,донорлор,кредит берүүчү мекеме,уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаувай айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Хаджимуратов |