Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-марты № 14/1
Чаувай айылдык кеңешинин 2015-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2015-жылга айыл округунун аймагындагы социалдык обьектилерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилерди колдоо жөнүндө
Чаувай айыл Округунун Экономика жана Каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Бакировдун, Чаувай айыл Округунун 2015-жылга бюджети «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаувай айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл Округунун аймагындагы социалдык обьектилерди Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин үлүштүк (түрткү берүучү) грант менен каржыланып жаткан проектилерге, «Б.Кулбаев орто мектебинин имаратын чатырын капиталдык ремонттон өткөрүү» үчүн айыл округдун өздүк салымы катарында 343411 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. 2015-жылгы бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына толук расчеттору менен бекитилсин.
3. Чаувай айылдык Округунун аймагындагы Б.Кулбаев. орто мектебинин имараттын чатырын капиталдык оңдоо үчүн жашаган элдердин салымы 343412 сом акча каражаты суралсын.
4. Финансы Экономика Каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Бакировко бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
5. Кадамжай райондук аймактык Каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көнүлгө алуу жагы суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаувай айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаувай айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Хаджимуратов |