Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 13/4
Чаувай айыл аймагына кошумча салык жыйымдарын киргизүү жөнүндө
Чаувай айылдык Кеңешинин кезектеги чакырылган 13-сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189- статьясындагы калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйымы киргизилсин. Жыйымдын өлчөмү 50 сомдон болуп белгиленсин.
2. Чаувай айыл аймагынын аймагында киргизилген жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын өз убагында өндүрүлүп,бюджеттин киреши бөлүгүнө чегерилишин жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын салык боюнча адиси С.Шамшиевге жүктөлсүн.
3. Чаувай айыл аймагынан берилүүчү ар түрдүү тактамалар 5(беш) сомдон берилсин. Андан түшкөн акча айыл аймагынын эсептик счетуна төгүлүп,кайра алынып, айылдык кеңешке керектелүүчү конц.товарларды алууга иштетилсин
Чаувай айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Хаджимуратов |