ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз 15- сессиясы
2015-жылдын 9-апрели № 15/1
Кадамжай райондук прокуратурасынын 2015- жылдын 31- мартындагы № 11/506-15 номерлүү ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү талапты, 2015-жылдын 30- мартындагы №11/491-15 номерлүү каршылык билдирүү каты жана 2015-жылдын 3- мартындагы № 11/490-15 номерлүү каршылык билдирүү катын кароо жөнүндө
Кадамжай райондук прокуратурасынын 2015-жылдын 31- мартындагы № 11/506-15 номерлүү ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү талапты , 2015-жылдын 30-мартындагы №11/491-15 номерлүү каршылык билдирүү каты жана 2015-жылдын 3-мартындагы № 11/490-15 номерлүү каршылык билдирүү катын карап жана талкуулап Чаувай айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акылары жөнүндөгү « Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын мындан ары так аткарып, кыска мөөнөттө кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин жана м ындан ары мыйзам бузуучулуктарга жол берилбесин.
2. Чаувай айылдык кеңеши тарабынан 2014-жылдын 26-сентябрында кабыл алынган 10/1 сандуу токтому Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына каршы келгендиктен сессияда катышкан депутаттардын бир добуштан сунуштары менен өз күчүн жоготту деп табылсын.
3. Чаувай айылдык кеңеши тарабынан 2014-жылдын 26-сентябрындагы кабыл алынган 10/2 сандуу токтому Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына каршы келгендиктен депутаттардын көпчүлүк сунуштарын эске алып токтом өз күчүн жоготту деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Чаувай айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Хаджимуратов |