Загрузка документа…
ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 5
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагындагы 370,0 ч/м жер аянтын багытын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Чек-Абад айылдык Кеңеши, айыл тургуну Динисламова Курсанай Алишеровнанын арызын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Төлөйкөн айылындагы Динисламова Курсанай Алишеровнанын менчигиндеги 370,0 ч/м жер аянтын турак-жай куруу үчүн жердин багыты өзгөртүлсүн.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнө 370,0 ч/м жер аянтын багыты өзгөрдүгүнө байланыштуу салык төлөмүн мыйзам чегинде кайра эсептөө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Чек– Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Нурматов |