Загрузка документа…
ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 1
Айыл өкмөтүндө социалдык фонддун, салык жана кайра бөлүштүрүү жерлерин салык төлөмдөрүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары С.Токторовдун билдирүүсүн угуп Чек- Абад айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдерден жыйналуучу салыктардын бардык түрлөрү боюнча 3-кварталга карата план боюнча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы карызы бар атуулдарга түшүндүрүү иштери айыл башчылары тарабынан жеткирилсин жана салык инспекторлору тарабынан көзөмөлгө алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары С.Токторовго жүктөлсүн.
Чек– Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Нурматов |