Загрузка документа…
ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 2
Айыл өкмөтүнүн аймагында кылмыштуулуктун алдыналууэкстремизм жана вахабизмге каршы күрөшүү боюнча участкалык инспектор Ж.Абдибаитовдун отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад аймактык тескөөчүсү Ж.Абдибаитовдун билдирүүсүн угуп Чек-Абад айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир канча иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Элдер арасында экстремизм жана вахабизмге каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери алып барылсын жана аны көзөмөлгө алуу аймактык тескөөчүлөргө милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагында кылмыштуулук, экстремизм жана вахабизмге каршы күрөшү боюнча чогулуштар өткөрүп туруу айыл башчыларына жана аймактык тескөөчүлөргө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсү Ж. Абдибаитовго жүктөлсүн.
Чек– Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Нурматов |