Загрузка документа…
ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 4
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 15.07.2016-жылдагы чыгуу № 05-10/1574 саны менен катталган катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикаснын Улуттук статистика комитетинин 15.07.2016-жылдагы чыгуу № 05-10/1574 саны менен катталган катын кароо боюнча айыл өкмөтүнүн статист экономисти Н.Холиковдун маалыматн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2014-жылдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» № 145-токтомун жетекчиликке алып Чек-Абад айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2014-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” № 145-токтому менен бекитилген типтүү келишимге ылайык Чек-Абад айыл өкмөтү менен Араван районунун мамлекеттик статистика башкармалыгы ортосунда 20.07.2016-жылдагы келишим бекитилсин.
2. Чек-Абад айыл өкмөтү түзүлгөн келишимдин шарттарын толук аткарууга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана айылдык кеңештин укук тартип жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чек– Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Нурматов |