Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 23/1
2014-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2015-жылга аткарылышы жана социалдык- экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылга бекитүү, 2017-2018-жылдарга болжолдуу план бекитүү жөнүндө
2014-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2015-жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылга бекитүү, 2017-2018-жылдарга болжолдуу планы менен таанышып жана талкуулап. Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2015-жылга карата аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу планы бекитилсин.
3. 2016-жылдын өнүгүү планынын аткарылышы боюнча ар бир кварталда билдирүү берип туруу жагы айылдык өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бардык туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |