Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 23/4
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2016-жыл үчүн белгилөө жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“ бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 жана Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата-энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата-энелер чогулушунун 18.01 2015-жылдагы төлөмдөр жөнүндө чогулушунун № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” Мыйзамынын 5-главасынын 22-беренесине таянып, Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларынан ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Нурай “ бала бакчаларына ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчалардын башчысы Чолпон Осмоновага жана Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. 2016-жылдын июнь, июль айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |