Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябры № 30/2
Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү селден жабыр тарткан атуулдарга Кабак-Дөңдөгү жерди бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн селден жабыр тарткан атуулдарга Кабак-Дөңдөгү жерди бөлүштүрүүдө, жер кайракы болгондуктан 0,08 гадан жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жерди бөлүүдө тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы жер адис А.Саркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн убактылуу башчысы С.Тууганбаевге жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Керимкулов |