Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 1
Жалал-Абад шаарынын 2016-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин 2016-жылга каралган сметасынан үнөмдөлгөн каражатынын чегинде 20,0 миӊ сом акча каражатын спорттун алыш күрөш түрүнө, грек-рим күрөшүнө 90,0 миӊ сом, жылдырып, каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 17.10.2016-ж. кезексиз XXXVIII- сессиясынын № 1- токтомунун 12-пунктунда № 4 бала бакчага техникалык шарттарын жасатууга 16,6 миӊ сом деп каралган каражат № 4 бала бакчага, № 17 орто мектепке, балдар чыгармачылык борборунун техникалык шарттарын жасатууга деп оңдолсун.
3. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн № 26 балдар бакчасынын кошумча бөлмөсүнүн курулушуна карлган каржаттан 229,5 миӊ сом акча каражаты эмерек сатып алууга жылдырып, мыйзам чегинде каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу чарбасына жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелердин жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттынын эсебинен көчөт өстүрүүчү жерди тосууга 23,4 миӊ сом, ЗИЛ-130 автоунаасына кар сүргүч алууга 80,0 миӊ сом жана автоунаалардын запастык тетиктерине 62,5 миӊ сом жалпысы 165,9 миӊ сом акча каражатын жылдырып каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2016-жылга сметасынын чегинде «байланыш кызматы» беренесинен үнөмдөлгөн 76,6 миӊ сом акча каражатынын эсебинен мекеменин «Онлайн-ВОЛС» байланыш кабелдерин тарттырууга 52,1 сом акча каражатын жылдырып, каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. «Строй Маркет» базарынан түшуучу акча каражатын 2016-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына озгөртүү киргизип, Кыргы Республикасынын Финансы Министрлиги менен тактоо жагы шардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. «Строй Маркет» базарынан түшкөн кирешенин эсебинен 200,0 миӊ сом акча каражатын шаардык архивге бөлүп берүү жагы шардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
10. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Э. Ормоков |