Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 1
“Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө” Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXX-сессиясынын №6-токтомуна жана XXXVIII сессиясынын №2- токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук Агенттигининин 15.10.2015-жылдагы № 01-24/143-буйругу менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктар чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарын жолдоо жөнүндө» типтүү келишимдин 8.1-пунктуна өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө шаардык мэриясынын 27.10.2016-жылдагы чыг.№01-2/191 катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХХIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын ортосундагы келишиминин 8.1- пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун “Ошону менен бирге, делегирленген ыйгарым укуктар чөйрөсүндөгу мыйзамдарды калыбына келтирилгенге чейин, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын айлык акы жана башка чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланаары белгиленсин”.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын кызматкерлеринин делегирленген ыйгарым укуктар чөйрөсүндөгу мыйзамдарды калыбына келтирилгенге чейин, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын айлык акы жана башка чыгымдары жергиликтүү бюджеттен 2016-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин иштеген мөөнөтүнө төлөп берүү жагы Жалал-Абад финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Э. Ормоков |