Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 – жылдын 29-марты №39/158
Кызыл–Кыя шаарынын И.Жусубалиев көчөсүндөгү Т. Кулатов атындагы сквердин жеринен спорт комплекс куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 26-февралдагы “ЖЧК “Газпром Кыргызстан” ишканасы тарабынан “Газпром балдарга” долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаарында сметалык баасы 200-250 млн сомдук спорт комплекс куруу үчүн шаардын И.Жусубалиев көчөсүндөгү Т.Кулатов атындагы сквердин багытын өзгөртүп, шаар тургундары үчүн спорт комплексин курууга уруксат берүү жөнүндө” №308 кайрылуу катын, шаардык кеңештин коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап, маселени шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен “Газпром Кыргызстан” ЖЧК тарабынан “Газпром балдарга” долбоорунун алкагында шаар тургундары үчүн спорт комплексин куруу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын И.Жусубалиев көчөсүндөгү Т.Кулатов атындагы сквердин жеринен 1,17 га жер аянты “Газпром Кыргызстан” ЖЧКна бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментине (А.Эрматовго) “Газпром Кыргызстан” ЖЧК менен Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигинде турган И.Жусубалиев көчөсүндөгү Т.Кулатов атындагы сквердин жер тилкесин спорт комплексинин курулушу бүткөнгө чейин пайдалануу боюнча келишимди түзүү жана спорт комплекс курулулуп бүткөндөн кийин спорт комплексинин айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп, спорт комплексин шаардын муниципалдык менчик департаментинин балансына кабыл алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Маткалыков |