Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-марты №39/159
Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2015–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл–Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаевдин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн анализи көрсөткөндөй 2015–жылдын 12 ай ичинде шаардагы бардык өнөр–жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьектилери социалдык инфраструктураны өнүктүруү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ иштер аткарылган.2015–жылы өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 3 млрд 7 млн 255 миң сом болсо, 2014–жылга салыштырмалуу 88.9 пайызды түзгөн же болбосо 377 млн сомго кем продукция чыгарылган. Салыктар. 2015-жылдын 12 айында салыктар жана төлөмдөр факт түрүндө 538,7 млн.сом жыйналган, анын ичинен салыктар 535,1 млн сомду түзгөн, же болбосо 2014–жылга салыштырмалуу 95,5 млн.сомго ашыкча жыйналып, өсүү ыргагы 121,7 %ды түзгөн. Жергиликтүү бюджетке 2015-жылдын 12 айында 115,2 млн. сом жыйналган. 2014-жылга салыштырмалуу 4,9 млн.сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 104,5 % ды түзгөн.Жергиликтүү бюджеттин. 2015-жылы киреше бөлүгүнүн аткарылышы 138024,3 миң сомду түзгөн, ал эми чыгаша бөлүгү 137432,0 миң сомду түзүп, пландан тышкаркы чыгаша 3626,8 миң сом өлчөмүндө аткарылган. 2015-жылдын 12 айында капиталдык салымдардын көлөмү 382,7 млн.сомду түзүп, өсүү ыргагы 126,7 %ды түзгөн. Инвестиция тартуу. 2015-жылы 1 млрд. 475,2 млн сомдук инвестиция тартылган. Анын ичинен чет элдик инвестициялар 66 млн сом, чет элдик грант 13,6 млн сомду түзгөн. Андан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен 12.5 млн.сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 22,4 млн.сом, мекеме ишканалардын эсебинен 200,8 млн.сомдук жумуштар аткарылган. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн 6)–пунктуна жана 44–беренесинин 1–бөлүгүнүн 8)–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2014–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жыл ичинде мекеме–ишканалар, уюмдар, комитеттер, башкармалыктар жана башка чарбалык субьектилер тарабынан социалдык–экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрү боюнча жакшы жетишкендиктерди камсыз кылгандыгы белгиленсин.
3. Менчигинин түрүнө карабастан акционердик коомдордун жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине экономикалык өсүп өнүгүүгө жетишүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү жагы сунуш кылынсын.
4. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевге:
· Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2016–жылдардагы социалдык–экономикалык өнүгүү Программасын аткарылышын контролго алуу;
· Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлер үчүн керектүү чараларды колдонуу;
· Шаардын социалдык инфраструктурасынын өсүп-өнүгүүсү үчүн чарбалык субьектилеринин каражаттарын активдүү тартууга чара колдонуу;
· Шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
5. Кызыл–Кыя шаардык финансы бөлүмүнө (И.Жолдошов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгына (М.Сагинбаев) божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу милдеттендирилсин.
6. Шаардык социалдык фонд башкармалыгынын жетекчилигине (Р.Мурзаев) камсыздандыруу төлөмдөргө болгон карыздарды кыскартуу үчүн конкреттүү чаралар көрүлсүн, потенциалдуу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн персоналдык тизмеси менен иштөөнү күчөтсүн.
7. Шаардык билим берүү бөлүмүнө (Д.Мотосмонова) КР мамлекеттик «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамын, мамлекеттик программаларын ишке ашыруунун негизинде окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.
8. Шаардагы Үй–бүлөлүк Дарыгерлер Борборуна (А.Турдубекова) шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, аялдандын жана балдардын анемиясынын көрсөткүчүн төмөндөтүү, шаардагы жалпы жана балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн азайтуу боюнча чаралар көрүлсүн.
9. Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчилигине (А.Таштемиров) шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлсүн.
10. Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө (А.Аширбаев) укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтсүн жана шаардагы коомдук тартипти сактоону камсыздасын.
11. Ушул токтом шаардык “Мезгил жарчысы”, “Белес” жана “Содружество” газеталары аркылуу чагылдырылсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин туруктуу комиссиясияларына тапшырылсын.
Төрага |
А. Маткалыков |